Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Мубарак сот залынан түрмөгө жөнөтүлдү


Египеттин соту өлкөнүн мурдакы президенти Хосни Мубаракты былтыр февралдагы элдик толкундоолор кезинде 850дей адамды өлтүрүүгө жооптуу деп, өмүр бою эркинен ажыратты. Мурдакы ички иштер министри Хабиб ал-Адли да ушундай айып менен өмүр бою абакка кесилди. Өкүмдү сот төрагасы Мухаммед Рефаат окуду:

-Сот бу жердеги бардык айыпталуучуну кести. Бир гана экинчи айыпталуучу сыртынан соттолду. Биринчи Мухаммад Хусни ал-Сайид Мубарак адам өлтүрүүгө катышканы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды

Хосни Мубаракты сот залынан тик учакта түрмөгө алып баратканда ден соолугу кескин начарлап кеткени маалымдалды.

84 жаштагы Мубарак өкүмдү сот залында төшөктө жатып уккан эле.
Египет телевидениеси сотту түз алып көрсөттү.

Полициянын мурдакы алты мартабалуу кызматкери күнөөсүз деп акталды.

Египеттин таасирлүү “Мусулман агайиндер” кыймылы алты даражалуу полициячынын акталышына нааразылык ирети өз тарапкерлерин көчө жүрүшкө чыкканга чакырды.

Сот Мубарактын уулдары Алаа жана Гамалды пара алган эмес деп актагандан кийин залда тополоң чыкты. Бирок аларга эркиндик берилбеди. Прокурордун билдиришинче, алар баалуу кагаздар менен манупуляция кылып, чөнтөгүн толтурган деп шектелүүдө.

Сот өткөн Полиция академиясынын имаратын 5 миңдей полициячы жана 2 миңдей аскер күзөтүп турду. Хосни Мубарак бийликтен кулатылган жана өз эли соттогон биринчи арап лидери. Өлкөнү 30 жыл башкарган Мубарак былтыр февралда элдик көтөрүлүштөн улам президенттиктен кеткен эле.

XS
SM
MD
LG