Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Мубарактын өкүмү Тахрир аянтын кайра толкутууда


Каирдин ортосундагы Тахрир аянтына чыккан жүздөгөн демонстранттар мурдакы президент Хосни Мубарак менен мурдакы ички иштер министри Хабиб ал-Адли боюнча соттун өкүмүнө нааразылык билдиришүүдө. Ишемби күнү сот 84 жаштагы Мубаракты жана ал-Адлини былтыркы нааразылык чыгууларды басуу учурунда набыт болгон 800дөн ашуун адамдын өлүмү үчүн жооптуу деп, өмүр бою эркинен ажыраткан. Тахрир аянтында жүргөндөрдүн бири Адил Шалаби: “Биз башкы прокурордун өкүмдү кайра иликтеп көрүүсүн жана ал-Адлинин жардамчыларынын өкүмүн кайра кароону талап кылабыз. Себеби, аларды актоого негиз жок. Алар зарыл күбөлөр табылбай акталса, бийлик далилдерди чогултуп, сотту кайра улантууга тийиш”, - дейт.

Сот полициянын мурдакы алты мартабалуу кызматкерин күнөөсүз деп актаган эле.

2011-жылы Мубаракты президенттиктен оодарган элдик толкундоолордун очогу дал Тахрир аянты болгон. Аянтка ишемби күнү сот өкүмүнө кыжырданган 20 миңдей адам чогулган эле.

XS
SM
MD
LG