Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Башар Асад: Сирия согуш босогосунда турат


Президент Башар Асад бүгүн парламентте сүйлөп, Сирия “өлкө сыртынан таңууланган чыныгы согуштун босогосунда турат” деди жана “терроризм” менен согушта эч кандай мунасага баруу болбосун айтты. Асад бир жума илгери Хула шаарчасында болгон кызыл кыргынды “акталгыс кылмыш” деп ага өкмөттүн эч тиешеси жоктугун айтты.

Бир жума мурда Хулада 100дөн ашык адамдын каны төгүлгөн. Алардын көбү балдар болгон. Асад өлкө оторчулуктан бошонгондон берки өтө оор кризисти баштан кечирүүдө деп, бир жылдан берки көтөрлүш үчүн террорчуларды күнөөлөдү. Бул анын Хуладагы кыргындан бери жасаган биринчи кайрылуусу.

Сирияда былтыр анти-өкмөттүк тополоңдор башталгандан бери оппозиция активисттеринин ырасташынча, кеминде 13 миң адам өлдү. Ал эми Улуттар Уюмунун эсебинче, козголоңдо 9 миң адам бейажал өлгөн.

XS
SM
MD
LG