Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Муфтийди бекитүү маселеси жыл аягында курултайда каралат


Кыргызстан мусулмандарынын курултайы ушул жылдын 15-декабрында өтө турган болду. Мындай чечим Уламалар кеңешинин соңку жыйынында кабыл алынганын “Азаттыкка” муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев билдирди. Маалыматка ылайык, курултайда муфтий Чубак ажы Жалиловду кызматына бекитип же бекитпөө маселеси чечилмекчи.

“Көпчүлүк уламалар күзгү талаа жумуштары бүткөндөн кийин, адамдардын көпчүлүгүнүн колу иштен бошогондон кийин ушул мааракени өткөрсөкпү дешти. Бул сунуштарды эске алып, көпчүлүк уламалардын добушу менен 15-декабрга белгиленди”,-деди Максат Мамбеталиев.

Муфтияттын уставына ылайык, Кыргызстандын муфтийи 35 кишиден турган Уламалар кеңеши тарабынан тандалып, аны аймактардан келген 300 мусулман катышкан курултай бекитүүгө тийиш. Азыркы муфтий 2010-жылдын июл айында Уламалар кеңеши тарабынан тандалганы менен курултай тарабынан бекитиле элек.

Буга чейин муфтияттын тарапкерлери азыркы муфтий Чубак ажы Жалиловду кызматтан алуу аракети болуп жатканын билдирип чыгышкан. Уламалар кеңешинин азыркы муфтият жетекчилигин колдобогон тобу өткөн ишембиде жыйын өткөрүүгө аракет кылган. Бирок көпчүлүк уламалар келбегендиктен жыйын өтпөй, муфтияттын айланасындагы талаш боюнча чечим кабыл алынбай калган. (KKs)

XS
SM
MD
LG