Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Ошто маалымат коопсуздугу боюнча концепция талкууланат


Эртең Ошто “Жалпыга маалымдоо каражаттары жана маалыматтык коопсуздук” деген аталышта медиа-форум болот. Иш-чара журналисттердин коопсуздугу, маалымат чабуулдарын алдын алуу жана орунсуз имиштердин чыгышына жол бербөө максатында уюштурулууда.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын Оштогу Ресурстук борборунан “Азаттыкка” билдиришкендей, медиа-форумга Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы медиа мекемелердин жетекчилери, укук коргоо уюмдарынын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Форумда азыркы саясаттын шартында тартип коргоо органдары менен журналисттердин алакасы, маалымат алмашуунун жолдору талкууланат. Соңунда жумушчу топ түзүлүп, маалымат коопсуздугу боюнча концепциянын долбоорун кабыл алышат жана аны карап чыгуу үчүн парламентке жөнөтүшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG