Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:49

Кытай АКШнын Тяньаньмэнь окуясы боюнча чакырыгын четке какты


АКШнын мындан 23 жыл илгери Тяаньаньмэнь аянтында күч менен басылган демонстрациядан кийин камалгандардын баарын бошотуу жөнүндөгү чакырыгына Кытайдын тышкы иштер министрлиги “катуу нааразылыгын” билдирди.

Дуй Хуа кору деген укук коргоочу топтун ырастоосунда, 1989-жылдагы окуяга байланыштуу али абакта ондон азыраак активист кала берүүдө.

Тяаньаньмэньдеги демонстрациянын күч менен басылуусунун кезектеги жылдыгын утурлай АКШ Мамлекеттик департаменти кытай бийликтерин анда өлгөндөр, камалгандар, жоголгондор боюнча бардык маалыматты ачыктоого да үндөгөн.

1989-жылы Бээжинде демократияны жактаган студенттердин алты аптага созулган демонстрациясын таратуу үчүн танктар жана аскер күчү колдонулган.

Кытай бийликтери Тяньаньамэнь окяларын “ыңкылапка каршы козголоң” деп мүнөздөшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG