Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:57

Орус рублинин куну кетүүдө


Орус акчасынын америкалык долларга карата курсу мунай баасынын арзандоосу менен бирге түшүүдө. Бүгүнкү соодада маселен 1 АКШ доллары 33 рубль, 90 тыйынга бааланды. Бул - орус акчасы үчүн акыркы үч жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Орусиянын экономикасы мунай экспортуна абдан көз каранды. Адатта мунай баасы дүйнөлүк базарда доллар менен эсептелинет.

Евроаймактагы карыз кризисинен жана АКШ экономикасынын өсүү ыргагы күтүлгөндөн ыкчам кеткенин ишара кылган маалыматтардан улам соңку кездери доллардан еврого карата курсу өсүүдө.

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев өткөн ишемби күнү Орусиянын Улуттук банкына рублдин куну кетишине каршы чара көрүүнү буюруду. (UE)

XS
SM
MD
LG