Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

ИИМ: Унаа кырсыгында мерт кеткендер арасында балдар бар


Чүйдө унаа кырсыгында мерт кеткендер арасында эки бир тууган жана жаңы үйлөнгөн эки түгөй бар. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Жайыл районунун аймагында, Бишкек - Ош унаа жолунун 197-чакырымында 3-июнда таңга жуук ири жол кырсыгы катталды:

"МАЗ жана Тойона минивен унаасы сүзүшүп, жеңил унаанын айдоочусу да, ичиндеги сегиз жүргүнчүсү да мерт кетти. Кырсык болгон жерге төрт куткаруучу барып, каза болгондорду унаадан чыгарып берди", - дейт Бекилов.

Милициянын пикиринде, кырсыкка жеңил унаанын жүк ташуучу МАЗ автомашинасынын алдына чыга калганы себеп болду. МАЗдын айдоочусу аман калган.

Каза тапкандардын баары Ош тарапты көздөй баратканы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG