Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Казакстанда чек арачылар үчүн аза күтүү күнү жарыяланды


Президент Нурсултан Назарбаевдин жардыгына ылайык, эртең 5-июнь Казакстанда өткөн аптада сөөгү казак-кытай чек арасынан табылган 14 чек арачы үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Назарбаев өткөн аптада бул окуяны “террордук акт” деп атаган, бирок ал үчүн кимдер жоопкер экендигин айткан эмес. Бул азыр жүрүп жаткан иликтөө учурунда аныкталарын билдирген. Казак расмий өкүлдөрүнүн айтымында, баштапкы анализдер каза тапкан чек арачылардын канында алкоголь жоктугун көргөздү.

Казакстан жыл сайын жайында Кытай менен чек арасында өз аймагынан дары чөптөр мыйзамсыз чогултулбоосу үчүн кошумча чек ара бекеттерин орнотот. (UE)
XS
SM
MD
LG