Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Иран жана МАГАТЭ 8-июнда жолуга турган болду


Юкиа Амано
Юкиа Амано
Атом Энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин эксперттери азыр Ирандын Парчин аскердик жайына кирүүсүн көздөөдө. Бул үчүн 8-июнга мерчемделген жолугушууда Иранга “Структуралык мамиле” деп аталган документке кол коюу сунушталып жатат.

МАГАТЭнин башчысы Юкиа Амано бүгүн Венадагы басма сөз жыйында буларды белгиледи:

- Парчин аскердик жайына байланыштуу биз баштапкы этапта эле ал жерде түрдүү ишмердиктер бардыгын айтканбыз. Спутниктен тартылган сүрөттөр ал жерде суу пайдаланып жатканын, имараттар, дубалдар бузулганын, жер кыртыштары которулганын көргөзүүдө. Бул иш-чараларды биз спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу байкадык.

Тегерандан алыс эмес жайгашкан Парчин аскердик жайын МАГАТЭ Иран өзөктүк курал программасын жашыруу үчүн пайдаланып жатабы деп шек санайт. МАГАТЭ ага киргизүүнү бир нече айдан бери талап кылганы менен Тегеран буга жол бере элек. (UE)

XS
SM
MD
LG