Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Сирияда кандуу кагылыштар уланды


Европа Биримдиги Орусия менен Сирия кризисин талкуулап жаткан чакта Сириянын өзүндө кандуу кагылыштар болду. Европа Биримдиги кечээ Орусияны Сирия боюнча пикир келишпестиктерди четтеттүүгө чакырган. Активисттер бул күнү өлкө боюнча аз дегенде 80 өкмөттүк аскер өлтүрүлгөндүгүн билдиришти. Козголоңчулардын Эркин Сирия армиясынын маалымат катчысы Бириккен улуттар уюму колдогон тынчтык планынан пайда чыкпай, андан баш тартып жатышканын кулак кагыш кылды. Бирок БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия боюнча эл аралык башкы өкүл Кофи Аннандын элдешүү планы бул кризисти жөнгө салууда борбордук мааниге ээ экендигин эскертти:

- Мен Араб Лигасы, бирдиктүү элчи Кофи Аннан, БУУнун башкы мүчөлөрү менен кызматташууга өтө ынтызармын. Кризис жөнгө салынса, саясий диалогго жол ачылмак, - деди ал. (JCh)

XS
SM
MD
LG