Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Путин менен Каримов кызматташтыкты талкуулашты


Орусиянын президенти Владимир Путин Ташкенде өзбек президенти Ислам Каримов менен жолугуп, Орусия үчүн Өзбекстан Борбор Азиядагы артыкчылыктуу өлкө экендигин билдирди. Путин Каримов менен Өзбекстандын эркин соода аймагына кабыл алынышы боюнча түшүнүүчүлүк меморандумуна жана эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгы тууралуу биргелешкен декларацияга кол койду.

Меморандумга ылайык, Өзбекстандын эркин соода аймагына кириши тууралуу сүйлөшүү ушул жылдын аягына чейин жыйынтыкталышы керек. Мындан дээрлик бир ай мурда президент болуп шайлангандан кийин алгачкы Азия сапарын улантып, Путин Ташкенден кийин Бээжинге жол тартты. Бээжинде ал Сириядагы кырдаалды жана Ирандын ядролук кризисин талкуулап, Шанхай кызматташтык уюмунун эртеңки курултайына барат. Бул жыйынга Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев да катышат. Кытайдан кийин Путин Казакстанга токтоп өтөт. (JCh)

XS
SM
MD
LG