Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Балдар коррупция жөнүндө сүрөт тартып, баян жазды


Коррупция жөнүндө балдар тарткан сүрөт жана жазган баяндар сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, сынак өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузууларды алдын алууну күч алдырып, ошол эле мезгилде аларды чыгармачылыктын ар түрдүү формаларына тартуу максатын көздөдү. Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу өткөрүлгөн иш-чарада 8-11-класстын окуучулары “Коррупция балдардын көзү менен” деген темада баян жазып, сүрөт тартышты. 26-мартта башталып, эки айга созулган конкурста балдар өз чыгармалары менен паракорлуктун масштабы жана анын мамлекетке келтирген зыянын көрсөтө алышты. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар берилди. (JCh/RK)

XS
SM
MD
LG