Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Казакстанда өлтүрүлгөн чек арачыларды эскерүүдө


Бүгүн Казакстан казак-кытай чек арасындагы көзөмөл бекети өрттөлгөндө набыт кеткен 13 чек арачы менен бир токойчуга аза күтөт. Сөөктөрдү Астанага ДНКсын аныктоого алып кетишти. Расмий өкүлдөр “өткөн аптадагы өрттө курман болгондордун канынан алкоголдук ичимдиктин изи табылган жок” деп билдиришти. Бекетте турган дагы бир чек арачынын кайда экенин белгисиз.

Өткөн аптада президент Нурсултан Назарбаев бул окуяны терродук кол салуу деп сыпаттаган, бирок ким күнөөлүү экендиги тууралуу кандайдыр бир маалымат берген эмес. Жыл сайын жай айларында Казакстан мыйзамсыз дары чөп чогулткандардын жолун тороп, Кытай менен чек арасына көзөмөл бекеттерин орнотот.(JCh)

XS
SM
MD
LG