Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Инновациялык илимий иштер өкмөткө сунушталат


Бүгүн Улуттук илимдер академиясында "Илим жана улуттук кызыкчылык" деген ураан менен өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылат. Академиялык инновациялык демилгелер, илимий иштердин мыктылары аныкталат. Академиянын маалымат катчысы Нурия Шагапованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, иш-чарага парламенттин, өкмөттүн, жогорку окуу жайлардын жана өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү катышат.

Былтыр академияда Кыргызстан үчүн маанилүү делген 11 багыт боюнча атайын кеңештер түзүлгөн болчу. Алар эң мыкты илимий иштерди аныктап, экономика, энергетика, өнөр жай жана экология тармактарында пайдаланууга өкмөткө сунуштайт. (RK)

XS
SM
MD
LG