Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

Азербайжан-Армения чек арасында кайра кан төгүлдү


Азербайжан-Армения чек арасындагы аткылашууда беш азери жоокер окко учту. Алар Казак районунда чек араны бузуп кирген армениялык аскерлер менен болгон атышууда курман болгонун Азербайжандын коргоо министрлиги маалымдады. Дүйшөмбү күнү окшош жагдайда үч армян жоокер набыт болгонун Армения бийликтери кабарлаган.
АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон 4-майда Ереванда болгон кезде Тоолуу Карабак боюнча Азербайжан-Армения ортосундагы тирешүү чек ара чатагына айланып кетиши ыктымал экенин эскертип, тараптарды талашты жөндөө аракетин жандандырууга чакырган. Тоолуу Карабак армяндары 1990-жылдардын башынан бери Бакынын амирин тааныбайт.

XS
SM
MD
LG