Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Украин парламентинде тил чатагы уланууда


Киевде Украин парламенти алдында миңдеген адамдар демонстрацияга чыкты. Алар айрым региондордо орус тилине украин тилиндей эле расмий макам берүү боюнча депутаттардын биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбооруна нааразылык билдиришүүдө.

5-июндагы колго салууда мыйзам долбоорун 450 депутаттын 234ү колдоп, оппозициячыл депутаттар каршы чыккан. Оппозициячыл фракциялар парламенттин майңдайында узак мөөнөттүү акция өткөрүү үчүн тарапкерлерин чатыр тигүүгө үндөшүүдө.

Өткөн айда парламентте бул мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар ортосунда мушташ чыгып, бир депутат ооруканага түшкөн. Мыйзам долбоору бекитилсе, украин тили өлкөдөгү жалгыз расмий тил бойдон кала берет. Бирок орус тилдүү эл көп жашаган аймакта, сотто, ооруканада жана башка мекемелерде орус тилинде да сүйлөөгө уруксат берилет.

XS
SM
MD
LG