Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Казакстанда белгисиз жагдайда набыт болгон чек арачылар эскерилди


30-майда Казакстандын “Арканкерген” чек ара бекетиндеги апаат окуяда өлдү делген бир аскер тирүү табылды. Кытай менен ортолуктагы чек ара бекетинин өрттөлгөн имаратынан 14 адамдын сөөгү жана ага коңшулаш турган аңчылар үйүнөн бир адамды жасаты табылган. Аскер жигит ал жайда пайдаланылчу чек ара бекетинен алыс эмес жердеги кыштоодон табылганы расмий маалымдалды.

Өткөн аптада президент Нурсултан Назарбаев чек арада болгон окуяны террорчулук деп атаган. Бирок аны ким уюштурганы жөнүндө эч нерсе айткан эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, сөөктөрдү текшерүү алардын канында алкоголдук ичимдик жок экенин көрсөткөн. Бүгүн Казакстан боюнча түшүнүксүз жагдайда өлгөн чек арачыларды эскерүү күнү болду.

XS
SM
MD
LG