Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

Эмделген төрт наристенин ийне сайган жери ириңдеп кетти


Бишкекте АКДС вакцинасы менен эмделген наристелердин төртөөнүн ийне кирген жери ириңдеп кетти. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Жолдош Калилов билдирди:

Бир балада абсцесс болгон экен май айында. Төрт окуя катталды. Азыр баары жакшы.

Калиловдун айтымында, төрт окуя тең Бишкекте катталды. Балдар ооруканага жаткырылып, баары сакайып кеткени кабарланууда. Бирок мынчалык реакция болуп кетишинин себеби такталат. Бул үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын комиссия түзүлдү. Анын жыйынтыгы келерки дүйшөмбүдө чыгат.

Вакцина Кыргызстанга ЮНИСЕФ аркылуу келген. Мөөнөтү 2013-жылдын сентябр айына чейин.

Кыргызстандын улуттук эмдөө календары боюнча, АКДС вакцинасы менен балдар эки, үч жарым, беш айында жана экиге чыкканда эмделет. Ал баланын организминде көк жөтөл (коклюш), дене титиреп талма болуу (столбняк) жана кептөөр (дифтерия) ооруларына каршы иммунитетти калыптандыруу үчүн жасалат. (RK)

XS
SM
MD
LG