Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Сирия да Батышка "дипломаттык согуш" жарыялады


Сирия чет өлкөлүк 17 дипломатка ишене албасын билдирип, аларды “персона нон грата” деп жарыялады. Алардын ичинде АКШ, Британия, Франция жана Түркиянын элчилери, ошондой эле Канада, Италия, Испания, Бельгия, Болгария жана Германиянын дипломаттары бар.

30-майда Хула шаарында болгон кызыл кыргынга байланыштуу Батыш өлкөлөрү сириялык дипломаттарды мекенине чыгарып жиберген. Бул тизмедеги дээрлик бардык Батыш өлкөлөрү Башар Асаддын режиминин 108 адамдын канын төккөнгө нааразылык ирети Сириядагы элчилерин буга чейин эле чакырып алган болчу. Сириянын Тышкы иштер министрлиги расмий Дамаск “өз ара диалогго чоң маани бергенин” жана Батыш менен алаканы калыбына келтиргенге ачык экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG