Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Онкологиялык дартка чалдыккан балдар жардам алат


Бүгүн Бишкекте Онкология боюнча улуттук борбордун балдар бөлүмүнө «Help the Children-SKD» кайрымдуулук кору 350 миң сомдон ашык акчага дары-дармек, медициналык жабдуу, керектүү буюм-тайымдарды берет. Бул каражат өткөн айдын аягындагы кайрымдуулук концертте чогултулган болчу.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда рак оорусу жашарып атат. Өлкөдө жылына 16 жашка чейинки 200дөй бала рак дартына чалдыгат. Алардын көпчүлүгү уран калдыктары көмүлгөн, ошондой эле пахта, тамеки өндүрүүгө байланышкан, экологиялык кесепеттер орун алган түштүк жергесинен келип жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG