Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Кытай Кыргызстанга мунай иштетүүчү завод куруп берет


Кытай Кыргызстанга мунай иштетүүчү завод куруп берет. Бул тууралуу меморандумга бүгүн кол коюлганын Бээжинден "Азаттыктын" кабарчысы Айданбек Акмат уулу кабарлайт. Анын айтымында, 250 миллион доллар инвестицияны Кытайдын "Борбор Азия энергетикалык компаниясы" бермей болууда. Завод Кара-Балта шаарында курулат. Быйыл жыл аягына чейин ал жерден 20 миң тонна мунай зат чыгарылат. Ал эми бир жылдан кийин ишкана толук кубаттуулугуна киришкенде бир жылда 800 миң тонна даяр продукт чыгарганга жөндөмдүү болуп калат. Бул көлөм Кыргызстандын бир жылдык керектөөсүнүн 70 пайызын жаба алат.

Меморандум мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Бээжиндеги расмий сапарынын алкагында кабыл алынды. Эртең менен кыргыз делегациясы кытай парламентинин жетекчилиги менен жолугуп, кызматташтык маселелерин талкуулады. Кечинде Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун президенттер кеңешинин жыйынына катышат. Ал эми эртең ШКУнун саммити кеңейтилген форматта уланат. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG