Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Ак үй "ал-Каиданын" лидеринин орун басары өлтүрүлгөнүн бышыктады


Ак үйдүн маалымат кызматы 5-июнда Абу Яхия ал-Либинин өлтүрүлүшүн террордук топко урулган оор сокку деп мүнөздөдү. Анын алдында атын атабаган америкалык расмий өкүл ал-Либи америкалык автомат учактын чабуулунда 4-июнда өлтүрүлгөнүн билдирген. Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карней ал-Либини "ал-Каиданын" уюштуруу иштерине жооп берген "башкы менеджери" деп мүнөздөдү:

- Биздин чалгын кызматтарында "ал-Каиданын" номур экинчи лидери ал-Либи өлдү деген маалымат бар. Мен анын кандайча өлтүрүлгөнүн айта албайм, бирок ал "ал-Каиданын" башкы менеджери болуп, Пакистандын бийик тоолуу уруу аймактарында уюшманын күнүмдүк ишмердүүлүгүнө көз салчу. Ал ошондой эле "ал-Каиданын" аймактык бөлүмдөрү менен байланышты камсыздап келген.

Америкалык атайын күчтөр былтыр "ал-Каиданын" жол башчысы Усама бин-Ладенди Пакистанда өлтүрүшкөн эле. (JCh)

XS
SM
MD
LG