Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Орусияда демонстранттар камакка алынды


Орусияда полиция демонстрацияларга каршы багытталган мыйзамга нааразы болгон активисттерди камакка алды. Орусиянын полициясы 5-июнда демонстранттарга салынуучу айып пулду кескин көбөйтүүчү мыйзам долбоорун сынга алган 20дай активистти кармап кетти. Активисттер долбоорду карап жаткан Мамлекеттик Думанын алдына нааразылык акциясына чыгышкан.

Кармалгандардын арасында оппозициячыл "Яблоко" партиясынын жетекчиси Сергей Митрохин да бар экендиги кабарланууда. Бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясы колдогон мыйзам долбоорунда демонстранттарга салынуучу айыпты 500 миң рублга же 15 миң долларга чейин көтөрүү жана көчө жыйындарындагы жазалануучу тартип бузуулардын тизмесин узартуу каралган. (JCh)

XS
SM
MD
LG