Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында кечээ кечинде нөшөр жаандан кийин айрым айылдарды сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, Оштун Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында 19 турак үйдүн короо-сарайына жана 10 турак үйдүн жер төлөсүнө суу кирди.
Баткендин Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында суу 4 гектар эгин талааны жана 2 турак үйдүн чарбагын каптаган. Ошондой эле ички чарбалык Эшен арыгынын 300 метрин жана 2 чакырым ички чарбалык унаа жолду каптаган. Үч-Коргон – Чаувай унаа жолунун 800 метр аралыгына кум шагыл толуп калган, азыр жол каттамы ачык.
Ал эми Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда суу 166 үй-чарбакты каптады. Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 16-18-чакырымы (Кекилик участогу) убактылуу жабылган. Сузак – Кара-Дарыя унаа жолунун 15-16-чакырымы селдин кесепетинен жабылган.
Аксы районунда 1 мектепти жана 10 турак үйдү сел каптаган. Таш-Көмүр шаарында Бишкек – Ош унаа жолунун 432-437-чакырымы жабыркап, кайра ачылды.
Жалал-Абад шаарында 3 турак үйдүн чарбактарына сел суусу кирген. Мындан сырткары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу (ИВС) жайына суу кирген. (RK)