Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Атамбаев: Кытайдагы расмий сапарым натыйжалуу болду


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Кытайга расмий сапары аяктады. Бул сапары жакшы, натыйжалуу болгонун ал журналисттерге айтты. Бээжинден кабарчыбыз Айданбек Акмат уулунун кабарлаганына караганда, президент бир нече маанилүү долбоор боюнча макулдашуу кабыл алынганын белгиледи.

"Негизгиси - Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстанды байланыштырган темир жолду куруу боюнча кытай тараптан толук колдоо таптык, Датка-Кемин электр линиясы жана Кара-Балтага мунай иштетүүчү завод ачууга жардам берилмей болду", - деди Атамбаев.

Кыргыз президенти Бээжинге расмий сапарга 4-июнда жөнөп кеткен. Кытайдын мамлекет башчысы, өкмөтүнүн жана парламентинин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бүгүн кечинде Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун президенттеринин жыйынына, ал эми эртең ШКУнун кеңири форматтагы саммитине катышат. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG