Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Аксыда цемент завод ачылат


Жалал-Абад облусунун Аксы районунда цемент чыгара турган завод ачылат. Заводду курууга акчаны кытайлык "Чжун Шэн" компаниясы бермей болуп жатат. 75 миллион долларлык инвестиция берүү жөнүндө келишимге бүгүн Бээжинде кол коюлганын кабарчыбыз Айданбек Акмат уулу кабарлады.

Завод ушул айда курула баштайт. 18 айдан кийин иштейт деп болжолдонууда. Өндүрүш кубаттуулугу жылына бир миллион тонна цемент болот.

Жазында курулуш иштери жанданганда Кыргызстанда цементтин баасы кымбаттап, аны табуу кыйындай түшөт.

Келишим мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Кытайдагы расмий сапарынын алкагында кабыл алынды. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG