Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

7-июнга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
6-8-июнда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
7-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолу аймактарда кар түшөт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28,
Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Баткенде түнкүсүн 10...15 күндүз 23..28 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16 күндүз 24...29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5..10 градус, күндүз 17...22
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19..24,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2..+3, күндүз 16...21,
Тоолордо түнкүсүн 0...-5, ал эми күндүз 3..8 болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15, күндүз 26...28 градус болот.

XS
SM
MD
LG