Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Орусияда митингдеги мыйзам бузуулар үчүн жаза күчөтүлөт


Уруксат берилбеген митинг-демонстрацияларга катышкан үчүн айыптуу деп табылган адамдарга салынуучу айыптын өлчөмүн бир канча эсеге көтөргөн мыйзамды бүгүн Орусиянын Федерация кеңеши жактырды.

Анын алдында кечээ кечинде мыйзам бир нече саатка созулган талаш-тартыштардан кийин Мамлекеттик Думада кабыл алынган.

Оппозициячыл партиялардын депутаттары буга каршы чыгышкан. Документ эми президенттин кароосуна берилет.

Ал күчүнө кирсе, мыйзамсыз митингдерге катышты деп күнөөлөнгөн жарандарга 10 000 рублдан 900 000 рублге чейин айып салынат. Азыр бул айып пулдун өлчөмү 100дөн 300 рублге чейин.

Мыйзамсыз митингге катышкан деп күнөөлөнгөн өкмөт өкүлдөрү 1,5 миллион рублге чейин айыпка жыгылышы мүмкүн.

Ага каршы чыккандардын пикиринде, жаңы мыйзам президент Владимир Путиндин бийлигине каршы нааразы кыймылдардын болочогуна коркунуч туудурууда. (UE)

XS
SM
MD
LG