Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

АКШ Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө жардам берди


АКШ өкмөтү Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө материалдык-техникалык жардам берди. Бул боюнча макулдашууга бүгүн өкмөт үйүндө кол коюлду. Иш-чарага АКШ элчиси Памела Спратлен катышты.

Жардамдын жалпы суммасы 4 миллион 700 миң долларды түзөт. Бул акча милициянын реформасына, соттук экспертиза лабораториясын жакшыртууга, баңгилик менен коррупцияга каршы күрөшкө жана адвокаттардын билимин жогорулатууга жумшалат. (RK)

XS
SM
MD
LG