Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Орусия менен Кытай Сирияга аскерий кийлигишүүгө каршы


Путин жана Ху Цзиньтао. 6-июнь, Бээжин.
Путин жана Ху Цзиньтао. 6-июнь, Бээжин.
Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттеринин Бээжиндеги жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бүгүн жарыяланган билдирүүдө айтылат. Анда белгиленгендей, Москва менен Бээжин Сирия кризисин жөндөө үчүн ага тыштан аскерий кийлигишүүгө, ага катар режимди өзгөртүү саясатын киргизүүгө каршы.

Ушул эле билдирүүдө көргөзүлгөндөй, эки өлкө Иранга анын өзөктүк программасынан улам аскер күчүн колдонууга, же ага карата бир тараптуу санкцияларды кабыл алууга каршы.

Ху Цзиньтао менен Владимир Путин ошондой эле Корей жарым аралында токтоолукка жана Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө үндөштү. (UE)

XS
SM
MD
LG