Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Жасалма диплом менен иштеп жүргөн МАИчилер аныкталды


Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдиришинче, атайын текшерүүнүн натыйжасында Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу башкы башкармалыгында эки адам жасалма диплом менен иштеп жүргөнү аныкталды. Буга байланыштуу кылмыш иш козголуп, тергеп-иликтөө иштери уланууда.

Өлкөдө буга чейин башка тармактарда да жасалма диплом менен иштеп жүргөн жана диплом сатты деген шек менен адамдар кармалган факттар болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG