Сириянын оппозициясы билдиргендей, Хама аймагында өкмөтчүл күчтөр ондогон кишини, анын ичинде 20 жаш баланы жана ушунча эле сандагы аялдарды өлтүрүп кетишти. Кубаир жана Маарзаф айылдарындагы киши өлтүрүүнү алар «кыргын» деп мүнөздөштү. Өкмөт бул кинени “карандай калп” деп четке какты. Жергиликтүү координациялык комитеттин эсебинде, Кубаирде эле 78 киши набыт болду, ал эми өлкө боюнча кечээ коопсуздук күчтөрү колдуу болгондордун саны 140ка жетти.
Мамлекеттик сыналгыдан «террористтерге жасалган чабуулдан кийин» бир нече өлүк табылганы кабарланды. Мындан бир жумага жетпеген мезгил мурда Хомс дубанындагы Хола шаарында 108 киши өлтүрүлгөн эле. Күбөлөр өкмөттү колдогон куралчандарды күнөөлөшкөн, ал эми өкмөт чет элдик кийлигишүүнү «көксөгөн куралдуу топторду» айыптаган. (JCh)