Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Клинтон Азербайжанды адам укуктарын жакшыртууга чакырды


АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон шаршембиде Бакы калаасында бир жыл түрмөдө отуруп, өткөн аптада бошотулган саясий активист менен жолукту. Бакы калаасында беш сааттай токтолгон Клинтон Бахтияр Хажиев менен жолугуп, аны демократия багытындагы өнөктүгүн уланта берүүгө чакырганын бышыктады. Клинтон ошондой эле оппозициянын дагы башка бир нече мүчөсү менен катар президент Илхам Алиев менен көздөшүп, аны менен энергетика жана коопсуздук жаатындагы маселелерди сөз кылды. Бакы эл аралык аба бекетинде Истамбулга учаардын алдында кабарчылар менен жолуккан Клинтон Азербайжанда адам укуктарына көбүрөөк көңүл бурулушу керектигин белгилеп, иштиктүү жарандык коомду бекемдеп, демократиялык реформаларды ишке ашырууга чакырды. (JCh)

XS
SM
MD
LG