Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

АКШ Тажикстандагы элчиликке Эллиоттун талапкерлигин сунуштады


Тажикстандагы америкалык элчиликти жетектөөгө көрсөтүлгөн Сюзан Марш Элиот АКШ Сенатынын тышкы сайсат комитетинде сөз сүйлөдү:

- Ачык, демокртиялык, толеранттуу коом туруктуу, коопсуз жана гүлдөгөн мамлекет үчүн бекем пайдубал катары кызмат өтөйт. Эгер менин талапкерлигим ырасталса, мен тажик өкмөтү менен мына ушундай коомду өнүктүрүү жаатында ишти улантам.

Талапкер элчи ошондой эле Тажикстандын Ооганстанды колдоосуна артыкчылык берээрин кошумчалады. Шаршембидеги сөзүндө учурда Мамкатчынын Түштүк жана Борбордук азия боюнча жардамчысынын орун басары болуп иштеген Сюзан Марш ошондой эле Тажикстан АКШнын Иранга каршы киргизген санкцияларын аткарат деген ишенимин билдирди. Эллиоттун талапкерлигин алгач тышкы байланыштар комитети жактырып, анан Сенатта колго салынат. (JCh)

XS
SM
MD
LG