Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Бээжинде кыргыздардын маданий көргөзмөсү өтүүдө


Бээжинде Кыргызстандын маданий көргөзмөсү өтүүдө. Иш-чара кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине арналып уюштурулганын Кыргызстандын Маданият жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Эркин Каимов билдирди.

Көргөзмөгө Кыргызстан жөнүндө фотожурналдар, видеороликтер, кыргыз кол өнөрчүлөрү жасаган белектер коюлган. Кыргызстандын туристтик картасы да тартууланууда. Өз өнөрүн манасчы, комузчулар көрсөтүп жатат.

Бээжинде бул күндөрү президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий делегация жүрөт. Кытайга расмий сапары натыйжалуу болгонун Атамбаев 6-июнда журналисттерге айтты. Бүгүн кыргыз президенти Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG