Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:49

Длиннов: Эфирден калпты окуй албадым


Алматыдагы 31-каналдын таанымал алыпбаруучусу Владислав
Длиннов казак чек арачысы он төрт кызматташын жана бир токойчуну өлтүргөнүн моюнуна алды деген маалыматты эфирде окуудан баш тарткан соң кызматынан чегинди. Ал “Азаттыктын” казак редакциясына иштен кетүүсүн “эфирден калпты” окуй албагандыгы менен түшүндүрдү.

Владислав Челах ысымдуу чек арачы он беш адамдын өлтүргөнүн моюнга алды деген маалыматтар кечээ түшкөн. Анын менен бирге кызмат өтөгөн он төрт чек арачынын жана бир токойчунун өрттөлгөн сөөктөрү өткөн аптада казак-кытай чек арасындагы “Арканкерген” бекетинен табылган.

Ал бекетте кызмат кылган он бешинчи чек арачы Владислав Челах ушул шейшембиде тирүү табылган соң камалган. Челахтын туугандары “Азаттыктын” казак кызматына аны күнөөсүз деп эсептешерин айтышты. (UE)

XS
SM
MD
LG