Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Орусия Ирандын өзөктүк энергияны өнүктүрүү мүдөөсүн колдойт


Орус президенти Владимир Путин бул тууралуу бүгүн Иран президенти Махмуд Ахмадинеджад менен Бээжинде, ШКУнун саммити учурунда жолукканда билдирди.

Путиндин айтымында, Москва Ирандын өзөктүк энергияны өнүктүрүүсүн ал тынчтык жана жарандык максатта болсо гана колдойт.

Орусия Ирандын өзөктүк ишмердиги өзөктүк курал жасоого багытталган болушу мүмкүн деген кооптонуулардан улам БУУнун Тегеранга каршы санкцияларынын төрт айлампасын колдогон.

Бирок Москва Батыш өлкөлөрүнүн дагы кошумча санкция киргизүү чакырыгын четке кагып келүүдө.

Иран болсо өзөктүк программасы өзөктүк курал жасоону көздөйт деген ырастоолорду төгүндөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG