Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:11

Кыйноого каршы күрөшүү боюнча меморандумга кол коюлду


Балдарга одоно мамиле жасоо жана кыйноо фактыларын ар тараптуу иликтеп чыгуу максатында Акыйкатчы институту менен бейөкмөт уюмдар ортосунда меморандумга кол коюлду. Бул ювеналдык юстицияны реформалоонун алкагында Балдар укуктары жөнүндө, Кыйноого жана одоно мамиле жасоого каршы конвенцияларга, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка негизделип ишке ашырылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы институтунан билдиришти. Меморандумга ылайык, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү, укук коргоочулар балдар үйлөрүн жана тиешелүү жайларды кыдырат.

Ювеналдык юстициянын максаты - кылмыш жасаган өспүрүмдү абактан сактап калуу. Бул үчүн өспүрүм күнөөсүн моюнуна алып, жабыркаган тараптан кечирим сурашы керек. Ортомчулук кызматты атайын даярдыктан өткөн медиаторлор көрсөтүшөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG