Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Кадамжайда жергиликтүү эл күйүүчү май ташыган эки унааны талкалап салды


Бул тууралуу “Азаттыкка” кытайлык оор жүк тарткан "Хово" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочуларынын бири Кочкорбай Эшматов кабарлады. Анын айтымында, 7-июнда Баткен облусунун Кадамжай районуна кире бериштеги Орозбеков айылынын 100дөй тургуну "жол талкаланып жатат" деген жүйө менен машинелерди таш бараңга алган. Эки унаа талкаланып, башка машинелер да артка кайтууга мажбур болушкан. Учурда 50дөй унаа айдоочулары менен Көк-Талаа айылында турат.

“Ошол эле учурда цемент жана башка оор жүк ташыган унаалар өтүп эле жатат. Биз насыя алып, Кытайдан машине алганбыз. Айдоочулар да маселе чечилбесе, жолду тособуз деп жатышат. Бийлик өкүлдөрү келген жок. МАИчилер турат”, - дейт Эшматов.

Кадамжай районунун акими Абдиталип Акимов окуя болгон жерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөнүн, күйүүчү май ташуучу унааларды өткөрбөө өкмөттүн токтомунун негизинде жүрүп жаткандыгын жана толук маалымат бере албасын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG