Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Бала баккан аялдан таяк жеген 2 жаштагы кыз реанимацияда


Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 29-майда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук прокуратурасына А.Р. деген жаран жээнинин эки жашар кызын багып жүргөн Х.М. деген аялга карата чара көрүүсүн өтүнүп кайрылган. Арызда бала багуучу зомбулугунан наристе денесинен жараат алып, Чүй облустук оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылганы белгиленет. Соттук-медициналык экспертиза баланын денесине анча оор эмес залал келген деген тыянак чыгарган. Иликтөө иштери уланууда.

Таяк жеген наристе эки күндөн кийин Бишкектеги №3 оорукананын травматология бөлүмүнө которулганын Чүй облустук оорукананын реанимация бөлүмүнөн "Азаттыкка" кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG