Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

AI кыргыз бийлигин Ош окуясына байланыштуу сындады


Эл аралык Мунапыс уюму (Amnesty International) жаңы жарыялаган докладында кыргыз бийликтерин Ош менен Жалал-Абаддагы эки жыл мурдагы кандуу коогалаңда “коопсуздук күчтөрү зобун-зордукка катышты же кол кабыш кылды деген кеп-сөздөрдү иликтегенге даяр эмес же иликтей албады” деп сындады.

Кыргыздар менен өзбектер ортосундагы кагылышта 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Зобун көргөндөрдүн көпчүлүгү өзбектер.

Эл аралык уюмдун билдиришинче, тополоң кездеги кыйноо, зордуктоо жана өлтүрүү сыяктуу кылмыш жасагандар жазасыз калган. Ошон үчүн “эки этнос арасындагы мамилени оңдоочу бирден бир каражат - чындык, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана адилеттик”, - деп айтылат докладда.

XS
SM
MD
LG