Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

МАГАТЭ-Иран жаңы сүйлөшүүнү баштады


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ менен Ирандын өкүлдөрү ортосунда Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнүн жаңы айлампасы башталды. Венадагы сүйлөшүүдө МАГАТЭ өз инспекторлорун ядролук бомба жасалууда деп шектелген жайларга койо берүүнү Ирандан талап кылынат деп жоромолдонууда.

Иран анын ядролук программасы, анын ичинде уранды байытуу тынчтык максатын көздөөрүн ырастап келет. Европа Биримдиги бейшемби күнү Иранга кайрылып, 18-19-июнда Москвада болчу P5+1 тобунун жолугушуусу алдында анын мүдөөсүнө “ишенчү конкреттүү кадамдарды” жасаганга чакырды.

P5+1 тобуна АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет.

XS
SM
MD
LG