Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Чалдыбардагы окуя боюнча кылмыш иши козголду


Панфилов районунун прокуратурасы Чалдыбар айылында болгон окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренесине (тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу), 320-беренесине (сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу коркутуу жана зомбулук аракеттерди жасоо), 341-беренесине (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү), 348-беренесине (документтерди, штамп, мөөрлөрдү уурдоо, зыянга учуратуу жана жок кылуу, жашыруу) ылайык кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Канат Султанов билдирди.

Султановдун айтымында, 5-июнда райондук прокуратура жана УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын биргелешкен ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Панфилов районунун ички иштер бөлүмүн беш кызматкери кармалган. Ал жерде 100-150 адамды чогултуп, алар кармалган милиция кызматкерлерин койо берүүнү талап кылган. Андан соң белгисиз адамдар УКМК жана прокуратура кызматкерлери тарапка таш ыргытып, күч колдонууга өтүшкөн. Учурда аталган кылмыш иш Чүй облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Буга чейин Чүй ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы үч милиционер жана кылмышка шектүү делген бир жаран ооруканага жаткырылганын, окуянын чоо-жайын ИИМдин жеке коопсуздук кызматы териштирип жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG