Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин биринин эркиндикке чыгышы териштирилет


Кылмыш дүйнөсүнүн Талас облусу боюнча аталыгы (“смотрящий”) саналган Кыргызбай Култаевдин эркиндикке чыгышын Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети териштирет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин төрагасы Туратбек Мадылбеков билдирди. Анын айтымында, комитеттин буга чейинки жыйынында өкмөткө жети-сегиз учурду карап чыгуу тапшырмасы берилген.

“Жыйында экономикалык жана уюшма кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө кылмыш иши козголуп, 15-16 жыл алса да бир жылга жетпей чыгып кетип аткандары белгиленген. Ошонун ичинде Таластын “смотрящийине” алгач райондук сот 16 жыл берген. Облустук сот мөөнөтүн азайтып, Жогорку Сот андан да түшүрүп берген. Бардык жерге акчанын күчү, коррупциялык схеманын негизинде Молдовановка абагына жиберилип, ал жерден эркиндикке чыккан. Ушундай учурлар көп”, - дейт Мадылбеков.

Эми бул маселе комитеттин жыйынында териштирилип, керек болсо палатанын талкуусуна коюлмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG