Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Ооганстанда түрмөдөн 14 кылмышкер качты


Ооганстандын түндүгүндөгү түрмөдөн кеминде 14 кылмышкер, анын ичинде талип согушчандары качып кетти. Ооган бийликтеринин кабарлашынча, алар 7-июнда шамда түрмөнүн дубалын бомба жардырып тешип, качышкан. Жардыруудан абакта отурган үч киши өлүп, 20дан ашуун адам жарадар болгон.

Качууну талиптер уюштурганы маалымдалды. Талиптердин өкүлү Юсуф Ахмади Сари Пул провинциясындагы абакка согушчандардын эки тобу кол салганын, урушта 10 полициячы жок кылынганын билдирди. Бул маалыматты расмий булактар тастыктай элек.

XS
SM
MD
LG