Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

Орусияга бараткан мигранттарга түшүндүрүү иштери жолдо жүргүзүлөт


Бул тууралуу Москвадагы Эл аралык миграция уюумунун (ЭМУ) өкүлдөрү менен Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу учурунда макудашылганын "Азаттыкка" Жогорку Кенештин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын көпчүлүк жарандары Орусияга толук маалыматы жок кеткендиктен бир топ кыйынчылыктарга кабылышат. Ошондуктан аларга Орусиянын мыйзамдары, ишке орношуу тартиптери жана башка юридикалык кеңештер алар жолдо баратканда, поезде берилет. Муну эл аралык миграция уюмунун адистери ишке ашырмай болду. Депутаттар адистердин поездерде акысыз жүрүү жагын кыргыз өкмөтүнө сунуштарын айтышты. (AKu)

XS
SM
MD
LG