Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Орозо айынын башталышы 19-июлда белгилүү болот


Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев “Азаттыкка” кабарлагандай, быйыл Орозо айынын башталышы 20-июлга болжолдонуп жатат. Так күнү 19-июлда белгилүү болот. Ал айдын толушуна карап аныкталат.

Максат Мамбеталиев “Демейде ай 29 күндө алмашат, эгер ал 30 күнгө созулса, анда Рамазан айынын башталышы 21-июлга жылып калышы мүмкүн”, - деди.

Муфтият бул маалыматты жана Курман айт качан болоорун сыналгы аркылуу алдын-ала элге кабарламакчы. (AKu)

XS
SM
MD
LG