Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Жалал-Абад облусунда кайрадан сел жүрдү


8-июнда кечинде жааган катуу жамгырдан улам облустун Ноокен, Аксы райондору менен Майлуу-Суу шаарында сел жүрдү. Селдин айынан Аксынын бир канча айылдарындагы жана Майлуу-Суу шаарындагы көчөлөрдүн турак-үйлөрдүн бак-чарбаларын суу каптады. Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында 60-70 үйдү сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Бекиловдун маалыматына ылайык, 7-июнда Көк-Жаңгак шаарындагы шахта көлмөсүнө чөгүп кеткен кыздын денеси 8-июнда табылып, сөөгү туугандарына берилди. Учурда аталган жайларда селдин кесепеттерин тактоо жана тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Майлуу-Сууда энеси менен бирге келатып, кечээ сууга агып кеткен 8 жаштагы баланын жансыз денесин жергиликтүү тургундар 9-июнда эртең менен таап алышкандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук бөлүмү билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG