Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:40

Бишкек - Ош жолунда 20 чакты бензовоз өтө албай турат


Бензовоздордун айдоочулары 4-июндан бери Сокулук тараптагы өтмөктө кармалууда. Айдоочулардын айтымында, Ички иштер министрлигинин жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери унаанын салмагы көп деп өткөрбөй жатышат. Айдоочулар болсо, унаасынын самагы 28, 30, 32 тонна деп ырасташууда. Алар Кытайдан түштүк тарапка бараткан жүк ташуучу унаалар.

Алабукалык айдоочу Асылбек Раимкулов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биз канча күндөн бери турабыз. Жок дегенде үйүбүзгө барышыбыз керек. Бул айдоочулардын көбү насыя акча алып иштегендер. Кимге кайрылышыбыз керек? 4-5тен балабыз бар, ошолорду багабыз деп жүрөбүз. Ушундай эле салмактагы Тажикстандын машиналары кечинде өтүп кетти.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин оор жүк тарткан унааларды таразага тартып өткөрүү башкармалыгынын башчысы Сыргаболот Кожобергенов бул айдоочулар мыйзам бузуп жатканын билдирди. Өткөн жылдагы өкмөттүн 454-токтомуна ылайык оор унаалар өткөрүлбөйт:

- Жүк ташуучу унаалардын салмагына чек оюлган. Бензовоздор 32 тоннадан ашпаш керек. Азыркы өткөрүлбөй тургандарды тартсак, 48-50 тонна чыгат. Сосновкадагы түйүнгө алып барып таразага тартып, туура келгендерин өткөрүп жатабыз. Салмагы ашып кеткен унаалардын айдоочулары кайра артка кайрылбай тополоң чыгарышты.

Кытайдан Бишкекке чейин келип алган унааларга эскертүү берип, колун койдуруп алып акыркы жолу өткөрүп жиберсе болот. Бирок, Сыргаболот Кожобергеновдун айтымында, бул айдоочулар көп жолу эскертүү алгандар. (AKu)

XS
SM
MD
LG